Кадыр-барк менен жашоо
Кененирээк
«ДИА» коомдук фонду Эл аралык бейөкмөт уюм International Alert менен өнөктөштүктө 2023-жылдын 1-июнунан 2025-жылдын 30-мартына чейин Улуу Британия өкмөтүнүн каржылоосу менен «Кадыр-барк менен жашоо» долбоорун ишке ашырды. Долбоор үй-бүлө деңгээлинде гендердик стереотиптерди жана дискриминацияны жоюуга, ошондой эле жүрүм-турумду өзгөртүү жана үй-бүлөлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу гендердик зомбулукту азайтууга багытталган. Пилоттук айылдар Чүй облусунан жана Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкаруулардан тандалды.
Пилоттук локациялар:
- Ош шаарынын «Сулайман-Тоо» жана «Алымбек-Датка» МАБдары.
Өнөктөштөр:
- Ош шаардык мэриясы;
- Ош шаарынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы;
- «Сулайман-Тоо» жана «Алымбек-Датка» МАБдары.
Бенефициарлар:
- «Сулайман-Тоо» жана «Алымбек-Датка» МАБдарынан 30 үй-бүлө;
- Жалпы 106 катышуучу (ар бир үй-бүлөдөн 4 өкүл: кайнатасы, кайнеси, уулу жана келини).
Ишмердүүлүктүн жыйынтыктары
1. Гендердик маселелер жана социалдык укуктар боюнча тренингдер
Эки ай ичинде 30 үй-бүлөнүн 106 өкүлү 11 тренингге катышты. Алар төмөнкү боюнча билим жана көндүмдөргө ээ болушту:
- үй-бүлөлүк мамилелер;
- ден соолук жана коммуникация;
- мамиледеги зомбулук жана жүрүм-турумду өзгөртүү;
- чыдамкайлык жана ыраазычылыкты билдирүү.
2. Үй-бүлөлөрдүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча тренингдер
Эки ай ичинде 30 үй-бүлөнүн 106 өкүлү 13 тренингге катышты. Темалар төмөнкүлөрдү камтыды:
- үй-бүлөлүк киреше жана чыгашаларды башкаруу, үй-бүлөлүк бюджет;
- келечекти камсыз кылуу;
- киреше алып келе турган ишмердүүлүктүн (КДИ) негиздери;
- тобокелдиктерди баалоо, пландоо жана КДИ түзүү;
- өздүк наркты эсептөө жана баа коюу;
- бюджеттештирүү, бухгалтердик эсеп жана маркетинг.
3. Үй-бүлөлүк кирешелүү ишмердүүлүктөрдү баштоо
22 бизнес-план иштелип чыгып, гранттык комиссия тарабынан тандоо жүргүзүлдү жана жабдууларды жеткирүүчүлөр аныкталды.
КДИ багыттары:
- үй шартындагы тигүү – 16;
- кондитердик азыктар – 1;
- тоок багуу – 2;
- казан жана подказан ижарага берүү – 1;
- попкорн даярдоо – 1;
- компьютердик кызмат көрсөтүү – 1.
Сатып алынган жабдуулар:
23 тигүү машинасы, 2 өнөр жайлык үтүк, 2 үтүк тактасы, 100 эт-жумуртка багытындагы тоок, ноутбук, попкорн аппараты, 3 казан жана 2 подказан, самовар-титан, аралаш меш, меш жана муздаткыч, миксер, блендер, кондитердик инвентарь комплекти.
4. Өз ара жардамдашуу кассалары («Алымбек-Датка» жана «Сулайман-Тоо» МАБдары, Ош шаары)
КДИни колдоо үчүн келиндер үчүн өз ара жардамдашуу кассасы түзүлдү. Ага 22 аял мүчө болду. Ички документтер иштелип чыгып, бекитилди: жобо, мүчөлүккө кабыл алуу арыздары, каражат алуу үчүн формалар ж.б.
5. Психологиялык жана юридикалык колдоо
- 262 адам юридикалык жардам алды (191 аял, 71 эркек);
- 350 адам психологдук жардам алды (207 аял, 91 эркек, 52 бала).
6. 16 күндүк кампания (2023–2024-жж.)
Жыл сайын өткөрүлүүчү гендердик зомбулукка каршы кампаниянын алкагында иш-чаралар болду: арт-терапия, йога сабактары, футболдук оюндар, чай үстүндөгү жолугушуулар.
7. Бизнес-ментордук жана социалдык колдоо боюнча фасилитаторлордун ментордугу
- Бизнес-консультанттар 23 үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө 124 консультация өткөрдү;
- Фасилитаторлор ошол эле үй-бүлөлөргө 728 консультация өткөрдү.
8. Үй-бүлөлүк КДИ көргөзмө-жарманкеси (Ош шаары)
100дөн ашуун адам катышты, алардын ичинде үй-бүлөлөр, ЖӨБ өкүлдөрү, өнөктөштөр жана активисттер бар.
- Бенефициарлар тигүү жана кондитердик буюмдарын, ошондой эле тоок багуудан алынган продукцияны көрсөтүштү.
- Катышуучулар тажрыйба алмашышты, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алышты, ийгиликтүү ишкер аялдардын тарыхтарын угушту.
- Өндүрүүчүлөр менен фермерлердин ортосунда тажрыйба, идея жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү үчүн платформа түзүлдү.
