logo image

Аялдар үчүн Глобалдык фонд

city image Кененирээк

Бул окуя жөнөкөй, бирок маанилүү идеядан башталган — аялдар менен кыздарды коргоо жана салттардын, диндин бурмаланган түшүнүктөрүнүн жана фундаментализмдин басымы алдында калган үй-бүлөлөрдү бекемдөө.

Аялдар үчүн Глобалдык фонддун колдоосу менен бул багыттагы долбоорлор акырындык менен ишке ашырыла баштады. Алар үй-бүлөнүн ролун кайра карап чыгууга жана ар бир мүчө үчүн коопсуз жана урмат-сыйга негизделген чөйрөнү түзүүгө багытталган. Бул иш көбүнчө көйгөйлөр жашырылган коомчулуктарда жүргүзүлдү — эрте жана катталбаган никелер кадимки көрүнүш катары кабыл алынган жерлерде.

Эң маанилүү кадамдардын бири — «Уят» аттуу улуттук маалыматтык-агартуу кампаниясы болду. Бул кампания коом менен татаал темалар тууралуу сүйлөшүүнү баштоого аракет кылды: эрте никелер, аялдардын коомдогу орду жана зомбулукту жашырган унчукпоо тууралуу. Конференциялар, жолугушуулар, семинарлар жана тренингдер аркылуу бул диалог барган сайын кеңейди.

Окуя санарип мейкиндикте да уланды — социалдык тармактар, онлайн платформалар аркылуу маалыматтар жайылтылды. Ошол эле учурда жардамга муктаж адамдарга түздөн-түз колдоо көрсөтүлдү — үй-бүлөлүк зомбулукка жана диний экстремизмге кабылган адамдарга юридикалык жана психологиялык консультациялар берилди.

Убакыт өткөн сайын өзгөрүүлөр байкала баштады. Коом зомбулук жана фундаментализм тууралуу көбүрөөк ойлонуп, бул маселелерге сезимтал боло баштады. Ички иштер органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, дин иштери боюнча мамлекеттик органдар, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелери менен кызматташтык күчөдү.

Бул окуя али бүтө элек. Бирок ал азыртан эле өзгөрүүлөрдү жаратып жатат — үй-бүлө институтун бекемдеп, аялдар менен кыздар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.